Россиядан Британияга жооп кайтарылды
Британиянын Москвадагы элчиси Россиянын тышкы иштер министрлигине чакырылды.
Британиянын тышкы иштер министрлигинин орус элчисин чакыруусуна Россиядан да жооп кечиккен жок. Британиянын Москвадагы элчиси Россиянын тышкы иштер министрлигине чакырылды.
АКШ башкаруусунун Россияга каршы жаңы санкцияларды билдиришинен кийин Россиянын Лондондогу элчиси Британия тышкы иштер министрлигине чакырылды.
Элчини чакыруу себебинин кибердик кол салуулар, демократиялык процесстерге кийлигишүү жана Россиянын Украина чек арасына аскерлерди жайгаштыруусу деп билдирилди.
Россиянын тышкы иштер министрлиги да Москвадагы Британия элчиси Деборах Броннертти сүйлөшүү үчүн чакырылгандыгын жарыялады.
Британия элчилигинен бул тууралуу берилген маалыматта Британия элчисинин мындан мурда пландалгандыктан Россиянын тышкы иштер министрлигине баргандыгы билдирилди.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газа тилкесине 221 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.
АКШ: "Газада болуп жаткандар геноцид эмес"
Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.