Асад режими Сирияда 81 916 жолу баррель бомбасын колдонду

Сирия Адам Укутары Желеси Асад режиминин 2012 -  жыл июль жана 2021 -  жыл апрель айларынын ортосундагы баррель бомбасы менен жасаган кол салуулары тууралуу отчетун жарыялады.

1622603
Асад режими Сирияда 81 916  жолу баррель бомбасын колдонду

Сирияда Башар Асад режими акыркы 9 жылда өлкөнүн түрдүү аймактарында оппозициянын көзөмөлүндөгү жарандык отурукташуу жерлерине жасаган кол салуусунда 81 916 жолу баррель бомбасын колдонду.

Сирияда жарандарга карата мыйзам бузууларын документтештирген Сирия Адам Укутары Желеси Асад режиминин 2012 -  жыл июль жана 2021 -  жыл апрель айларынын ортосундагы баррель бомбасы менен жасаган кол салуулары тууралуу отчетун жарыялады.

Ушуга караганда режим күчтөрү бул убакытта оппозициячылдардын  көзөмөлүндөгү жарандык отурукташуу жерлерине жасаган кол салууларда 81 916 жолу баррель бомбасын колдонду жана бул кол салууларда 11 087 жаран каза болгон. Булардын ичинен 1821ри балдар, 1780ни аялдар болгон.

2011 -  жылдан бери режим тик учар менен уулуу газдарды камтыган 93 химиялык куралдуу кол салган. Асад режиминин баррель бомбаларын жарандарды жерлеринен чыгаруу үчүн курал катары колдонгондугу баса белгиленип, режим жана колдоочуларынын кол салуунун натыйжасында миллиондогон жарандын жерлеринен кеткендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар