Блинкен менен Боррелль Украинаны сүйлөштү

Боррелль менен Блинкен, акыркы жумаларда орус күчтөрүнүн аскердик курамын көбөйтүп жаткандыгына терең тынчсыздануусун билдиришти.

1620839
Блинкен менен Боррелль Украинаны сүйлөштү

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жосеп Боррелль менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Украинадагы акыркы окуяларды талкуулашты.

Боррелдин кеңсесинин билдирүүсүнө караганда, Орусиянын Украина чек арасындагы жана Крымдагы аскердик кыймылдуулугун сүйлөшкөн Боррелль менен Блинкен, акыркы жумаларда орус күчтөрүнүн аскердик курамын көбөйтүп жаткандыгына терең тынчсыздануусун билдиришти.

Ооганстандагы кырдаалды турукташтыруу үчүн биргелешип иш алып баруу боюнча макулдашкан Боррелль менен Блинкен, ошондой эле Эфиопияда болуп жаткан кризиске байланыштуу пикир алмашышты.

Блинкен менен Боррелль, Иран менен Батыш күчтөрүнүн өзөктүк келишимди толугу менен жүзөгө ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрүндөгү акыркы кырдаалды да талкуулашты.



Тектеш кабарлар