Египетте 3000 жылдык "жоголгон шаар" табылды

Байыркы шаардын, Падыша Аменхотеп III тарабынан 3 миң жыл мурун курулгандыгы маалымдалды.

1618012
Египетте 3000 жылдык "жоголгон шаар" табылды

Египет 3000 жылдык жана "жоголгон алтын шаар" деп эсептелген байыркы шаардын акыры табылгандыгын жарыялады.

Тарыхый эмгектер башкармалыгынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Египет империясынын тушунда Луксордогу эң ири административдик жана өнөр жай конушу экени айтылган байыркы шаардын, Падыша Аменхотеп III тарабынан 3 миң жыл мурун курулгандыгы маалымдалды.

Билдирүүдө шаардын дубалдарынын бузулбаган бойдон табылгандыгы белгиленип, байыркы шаардын бөлмөлөрүндө күнүмдүк жашоодо колдонулган бумдардын бар экени кабарланды.

Билдирүүдө көз-караштарына орун берилген Америкадагы Жон Хопкинс университетинин Египет изилдөөлөрү профессору Бетси Брайан байыркы шаарга, Тутанхамондун күмбөзү табылгандан кийинки эң чоң археологиялык ачылыш деп баа берди.



Тектеш кабарлар