АКШнын президенти Жо Байден алгачкы кабинет жыйынын өткөрдү

АКШнын президенти Жо Байден биринчи кабинет жыйынын Ак үйдө коронавируска карата көрүлгөн чаралардын астында өткөрдү.

1613414
АКШнын президенти Жо Байден алгачкы кабинет жыйынын өткөрдү

АКШнын президенти Жо Байден биринчи кабинет жыйынын Ак үйдө коронавируска карата көрүлгөн чаралардын астында өткөрдү.

20 -  январда президенттик орундукка отурган Байден Ак үйдөгү биринчи жыйынынан мурда журналисттерге кыскача маек берди.

Кабинетинин АКШ тарыхындагы түрдүү кабнет экендигин баса белгилеген Байден сенатка да кабинетин «рекорддук мөөнөттө» бекиткендиги үчүн ыразычылык билдирди.

Мурунку күнү Питтсбургда инфраструктура планын жарыялаганын эске салган Байден, бул программаны ишке ашыруу үчүн министрлер кабинетиндеги 5 министрге ар кандай милдеттерди жүктөгөндөрүн айтты.

Байден министрликтердин чыгымдарында Америкада чыккан товарлардын алынышына алдыңкылык берилиши керектигин айтты.

Жыйын Байдендин билдирүүсүнөн кийин маалымат каражаттарына жабык улантылды.

 

 



Тектеш кабарлар