Россия жаныбарлар үчүн коронавируска каршы вакцина чыгарды

Россиянын Федерал ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө кызматынын директорунун орун басары Константин Савенков эксперимент үчүн ит, мышык, түлкү жана түрдүү жаныбарлардын колдонулгандыгын белгиледи.

1612264
Россия жаныбарлар үчүн коронавируска каршы вакцина чыгарды

 

Россиянын Федерал ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө кызматынын директорунун орун басары Константин Савенков (Россельхознадзор)  жаныбарлар үчүн чыгарган  Ковид  -19 вакцинасынын тастыкталгандыгын  жарыялады.

Вакцинанын Россельхознадзорго караштуу федералдык жаныбарлардын ден соолугун коргоо борбору тарабынан чыгарылгандыгын белгилеген Савенков : «Үй жаныбарлары үчүн «Карнивак -  Ков» вакцинасы тастыкталды»,- деп билдирди.

Вакцинанын клиникалык экспериментинин 2020 -  жылы октябрь айында башталгандыгын айткан Савенков эксперимент үчүн ит, мышык, түлкү жана түрдүү жаныбарлардын колдонулгандыгын белгиледи.

Савенков  вакцинанын жаныбарлар үчүн зыянсыз экендигин айтып : «Эксперименттин негизинде эмделген бардык жаныбарларда коронавируска каршы 100 пайыз антитело пайда болду»,- деди.

Вакцинанын массалык өндүрүшү апрель айында башталышы мүмкүн экендигин айткан Савенков  вакцинага башка мамлекеттердин дагы кызыгып жаткандыгын билдирди.

Савенков Ковид – 19  эпидемиясынын башынан бери өлкөдө мышыктарда 2 учурдун катталгандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар