Мадагаскардын мурдагы президенти Дидье Рацирака көз жумду
Анын үй-бүлөсү 84 жаштагы Рацирака бүгүн эртең менен тумоодон дарыланган аскердик ооруканада көз жумганын жарыялады.
1609995
Чыгыш Африканын арал өлкөсү Мадагаскардын мурдагы президенти Дидье Рацирака көз жумду.
Анын үй-бүлөсү 84 жаштагы Рацирака бүгүн эртең менен тумоодон дарыланган аскердик ооруканада көз жумганын жарыялады.
Дарыгерлер экс-президенттин жаңы түрдөгү коронавирус (Ковид-19) анализинин терс болгонун жарыялашты.
"Адмирал" каймана аты бар жана теги аскер Дидье Рацирака 1975-1993 жана 1997-2002-жылдар аралыгында эки мөөнөткө президент болгон.