ЕБнин Адилет соту ПККнын компенсация талабын четке какты
ПККнын каржылык иштери боюнча жооптуу Далокай, Европа Кеңешинин чечиминен улам чыгымга учурагандыгын жана анын Кеңеш тарабынан камсыздалышын талап кылып жаткан болчу.
Европа Биримдигинин (ЕБ) Адилет соту Евробиримдиктин "террористтер тизмесиндеги" террордук уюм ПККнын корбашчыларынын бири Шанлы Далокайдын, мал-мүлкүнүн конфискацияланышынан улам зыянга учурагандыгы себебинен чыгымдын ЕБ Кеңеши тарабынан төлөнүшү талабын четке какты.
Адилет соту, ЕБ Кеңешинин "террор тизмесинде" орун алган жана жашаган жери Нидерландиянын Роттердам шаары деп көрсөтүлгөн Шанлы Далокайдын тизмеден чыгарылышы жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү арызы боюнча өкүмүн чыгарды.
Люксембург соту, 2021-жылдын 10-февралындагы өкүмүндө Далокайдын талаптарын кабыл албай тургандыгын билдирген. Соттун чыгымдарынын да Далокай тарабынан төлөнүшүнө өкүм чыгарган.
ПККнын каржылык иштери боюнча жооптуу Далокай, Европа Кеңешинин чечиминен улам чыгымга учурагандыгын жана анын Кеңеш тарабынан камсыздалышын талап кылып жаткан болчу.
Тектеш кабарлар
Австралияда Палестинаны колдоо демонстрациясына кийлигишүү
Мельбурн шаарында өткөрүлгөн «Эркин Палестина» акциясына 3 миңге жакын киши катышты.