Австралияда Палестинаны колдоо демонстрациясына кийлигишүү

Мельбурн шаарында өткөрүлгөн «Эркин Палестина» акциясына 3 миңге жакын киши катышты.

2150842
Австралияда Палестинаны колдоо демонстрациясына кийлигишүү

Австралияда полиция, Израилдин Газага кол салууларына каршы чыккан миңдеген демонстранттарга көздөн жаш агызуучу газ менен кийлигишти.

Мельбурн шаарында өткөрүлгөн «Эркин Палестина» акциясына 3 миңге жакын киши катышты.

Митингчилерди таркатуу үчүн аянтка барган полиция, шаардын борборуна чогулган Палестина колдоочуларына каршы калемпир газын колдонду. Акция учурунда полиция менен демонстранттардын ортосунда мушташ чыкты.

Митингчилер калемпир газынын полиция менен демонстранттардын ортосунда тирешүү башталганга чейин колдонулганын айтышты.

Бир тараптан Сиднейдеги Америка консулдугунун 9 терезеси балка менен талкаланды.

Консулдуктун кире бериш эшиктерине кызыл спрей боёк менен Палестина колдоочулары колдонгон символ болгон тескери үч бурчтук тартылды.

Австралиянын премьер-министри Энтони Албанес окуяны айыптап, "урмат сый көрсөтүлгөн саясий талкууга" чакырды.



Тектеш кабарлар