АКШда конгресс имараттарын басып алуулар улана турганынын маалыматы тарады

ABC News өзүнүн (FBI) маалыматтык бюллетенине таянып маалымат жарыялады.

1561888
АКШда конгресс имараттарын басып алуулар улана турганынын маалыматы тарады

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) шайланган президент Жо Байдендин 20-январда инаугурация аземи жакындап калганда, Федералдык тергөө бюросу (ФБР) 50 штаттын борборлорундагы конгресс имараттарында куралдуу нааразылык акциялары боло турганы жөнүндө жаңылык жарыялады.

ABC News өзүнүн (FBI) маалыматтык бюллетенине таянып маалымат жарыялады.

Маалыматтык катта, «Бизге жеткен маалыматтарга караганда, 10-январдан тарта 16-20-январь күндөрү өтүүчү 50 штаттагы конгрессте куралдуу нааразычылык акциялары пландаштырылган. Ушул сыяктуу эле, 17-20-январь күндөрү борбор калаа Вашингтондо Конгрессте куралдуу нааразычылык акциялары болот», деген билдирүүсү камтылган.

Экинчи жагынан, өткөн жумада Конгресстин кысымынан кийин борбор шаар Вашингтондо 20-январда өткөн инаугурация аземи үчүн коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө.

Вашингтондун мэри Муриэл Боузер 20-январда шаарда зордук-зомбулук коркунучу бар экендигин белгилеп,«Биз коомчулукка Байдендин инаугурация аземин онлайн режиминде көрүүнү сунуштайбыз»,-деди.

АКШ Конгресси, 6-январда Президенттик шайлоодо шайлоочулар кеңешинин добуш берүүсүн бекитүү үчүн биргелешкен сессияга чогулуп жатканда, Президент Дональд Трамптын тарапкерлери Ак үйдүн алдында митинг өткөрүштү.

Митингге катышкан он миңдеген демонстранттар кийинчерээк Конгресске бет алышты, жүздөгөн демонстранттар баррикадалардан өтүп, Конгресстин имаратына полиция менен демонстранттардын ортосунда кагылышуу болуп жатканда киришти.

Окуяларга кийлигишүү үчүн Улуттук Гвардия Конгресске жөнөтүлүп, 4 сааттык рейдден кийин коопсуздук күчтөрү тартипти сакташты. Бул окуяларда бирөө полиция кызматкери болгон беш адам каза болуп, ондогон адамдар жаракат алышкан.



Тектеш кабарлар