АКШ Жакынкы Чыгышка 4,8 миллиард долларлык курал-жарак сатат

Коргоо жана Коопсуздук Кызматташтык Агенттиги, аскердик сатууну бекитүү жөнүндөгү билдирүүнү АКШ Конгрессине сунуштады.

1554522
АКШ Жакынкы Чыгышка 4,8 миллиард долларлык курал-жарак сатат

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо жана Коопсуздук Кызматташтык Агенттиги Жакынкы Чыгыштагы Кувейт, Сауд Арабия жана Египетке жалпы наркы 4 миллиард 859 миллион 500 миң долларды түзгөн аскердик сатууну бекитүү жөнүндөгү билдирүүнү АКШ Конгрессине сунуштады.

АКШнын Мамлекеттик департаменти, Кувейтке 4 миллиард 400 миллион долларлык согуштук тик учактар ​​жана Патриот абадан коргонуу тутумдарынын запастык бөлүктөрүн; Сауд Арабияга 290 миллион долларлык ракета ок-дарыларын, Египетке Президенттик учак үчүн 169,6 миллион долларлык инфра-кызыл каршылык системалары менен багыттоо аппараттарын сатууну бекитти.

Ушул сатуулардын бардыгы ишке ашырылышы үчүн конгресстин тиешелүү комитеттери 30 күндүн ичинде бул жактырууларга каршы болбошу керек.



Тектеш кабарлар