Россиянын тышкы иштер министри Босния Герцеговинада кесиптеши Турковиж менен жолугушту

Лавров жолугушууда Босния Герцеговинанын жеринин бүтүндүгү жана эгемендиги тууралуу Россиянын мамилеси жана колдоосунун улантыларын  айтты.

1546093
Россиянын тышкы иштер министри  Босния Герцеговинада  кесиптеши Турковиж менен жолугушту

Босния Герцеговинага расмий сапар менен барган Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров борбор шаары Сараеводо кесиптеши Бисера Турковиж менен жолугушту.

Лавров кесиптеши Турковиж менен өткөргөн пресс  - жыйынында эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташууну бекемдөө менен улантыларын белгиледи. Лавров Босния Герцеговинанын жеринин бүтүндүгү жана эгемендиги тууралуу Россиянын мамилеси жана колдоосунун улантыларын  айтты.

Жаңы тип коронавирус эпидемиясынан улам токтоп калган соода көлөмүн арттыруу чечимин чыгарышкандарын да айткан Лавров Босния Герцеговинада орус фирмаларынын иш алып барышынан кубанычтуу экенин белгиледи.

Турковиж да делегациялар аралык жолугушуунун түшүмдүү өткөндүгүн  билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштардын мыкты экендигин жана кызматташуунун түрдүү тармактарда өнүктүрүлүшү керектигин, Россиянын Босния Герцеговинанын эгемендүүлүгү жана жеринин бүтүндүгүн колдогондугун белгиледи.



Тектеш кабарлар