Аргентинада Марадонанын сүрөтү банкнотторго басылат

Аргентина эки жума мурун дүйнөдөн кайткан, дүйнө жүзүнө белгилүү жылдыз футболчу Диего Марадонанын сүрөтүн жаңы чыга турган банкнотторго басууну пландап жатат.

1541933

Сенатор Норма Дуранго тарабынан парламентке  берилген сунушта 60 жашында каза болгон  Марадонанын сүрөтүнүн жаңы чыга турган 1000 песолук банкноттордо жана эстелик маркаларда орун алышы сунуш кылынды.

Аргентина басма сөзүндө чыккан кабарларга караганда банкноттун алдыңкы бетинде Диего Марадонанын портрети, арткы бетинде болсо Аргентина 1986 -  жылы жеңишке жетишкен ФИФА дүйнөлүк кубогунда Британияга киргизген экинчи голунун сүрөттөлүшү пландалууда.

Бул тууралуу маалымат берген Дуранго : «Бул сунуштун бир гана максаты кумирибизди таанытуу эмес. Экономикалык жактан да киреше алууну максат кылуудабыз. Аргентинага келген турист  жанында Марадонаны алып кетүүнү каалайт»,- деди. Сунуш тууралуу чечимдин жаңы жылдын биринчи жарымында кабыл алынышы күтүлүүдө.

Тектеш кабарлар