Ковид-19га каршы көпчүлүгү эмделгиси келсе, айрымдары эмделгиси келбейт

Коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны дүйнө жүзү боюнча 1 миллион 535 миңге жакындады.

1540295
Ковид-19га каршы көпчүлүгү эмделгиси келсе, айрымдары эмделгиси келбейт
KORONA SÜPER
KORONA SÜPER

Коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны дүйнө жүзү боюнча 1 миллион 535 миңге жакындады. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 66 миллион 869 миңден, ал эми айыккандардын саны 46 миллион 256 миңден ашты.

Эпидемиянын айынан Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) каза болгондордун саны 287 миң 825ке, ал эми жуктуруп алгандардын саны 14 миллион 983 миң 425ке жетти. АКШда жайгашкан Pew Research изилдөө компаниясынын жалпы улуттук сурамжылоосуна ылайык, катышуучулардын 60 пайызы коронавируска каршы вакцинанын эмделишин каалашат. Сурамжылоого катышкандардын 21 пайызы «балким, эмдөөдөн өтпөйм» деп жооп беришсе, 18 пайызы алар «сөзсүз түрдө эмдөөдөн өтпөйт» деп жооп беришкен. Катышуучулардын 65 пайызы вакцинаны биринчилерден болуп алгысы келбейт.

Италияда Ковид-19 эпидемиясында каза болгондордун саны акыркы сутка ичинде 662ге көбөйүп, 59 миң 514тү түздү. Эпидемия башталгандан бери бул илдетке чалдыккандардын саны 1 миллион 709 миң 991 адамга көбөйдү.

Францияда Ковид-19дан улам акыркы 24 саатта 216 кишинин каза болушу менен, жалпы адам өлүмү 54 миң 981ге, ал эми жуктургандардын саны 12 миң 923кө көбөйүп, 2 миллион 281 миң 475ке жетти.



Тектеш кабарлар