Швецияда муниципалитеттин жоолукка тыюу салуусу жоюлду

Швециянын Сконе аймагындагы Скуруп районунда муниципалитеттин мектепте жоолук салууга карата тыюу салуусу  сот тарабынан жоюлду.

1529888
Швецияда муниципалитеттин жоолукка тыюу салуусу жоюлду

 Швециянын Сконе аймагындагы Скуруп районунда муниципалитеттин мектепте жоолук салууга карата тыюу салуусу  сот тарабынан жоюлду.

Мальме административдик сотунун билдирүүсүндө, тыюу салуунун Конституциянын жоболоруна жана дин тутуу эркиндигине тескери экендиги баса белгиленди.

Дискриминациялык акыйкатчы тарабынан дүйшөмбү күнү берилген маалыматта да Конституцияга туура келбегендиктен тыюу салуунун жоюлушу талап кылынган.  

Скуруп шаардык кеңеши өткөн жылдын декабрь айында 13 жашка чейинки окуучуларга жоолук салынууга тыюу салган. Округдагы Прастамоссе мектебинин директору Матиас Лидхольм тыюу салууну тааныбаганын жана өз мектебинде муну  ишке ашырбай тургандыгын жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар