БУУ Тоолуу Карабахта карапайым адамдарга кол салуу согуш кылмышы болушу мүмкүн деп эскертти

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет, документте жарандарга кол салууларга байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1520757
БУУ Тоолуу Карабахта карапайым адамдарга кол салуу согуш кылмышы болушу мүмкүн деп эскертти

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет, Тоолуу Карабахта карапайым адамдарга кол салуу согуш кылмышы болушу мүмкүн деп эскертти.

Бачелет документте жарандарга кол салууларга байланыштуу жазуу түрүндө билдирүү жасады.

«Тоолуу Карабах чыр-чатак аймагындагы жана анын айланасындагы калк жыш жайгашкан аймактарга» карай кол салуулар эл аралык гуманитардык укукка каршы келе тургандыгын белгилеп, Бачелет мындай кол салуулар согуш кылмыштарын түзүшү мүмкүн деп билдирди.

Бачелет өз билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду: «Дискриминация же пропорционалдык принципти бузуу менен жасалган бул кол салуулар согуш кылмыштарын түзүшү мүмкүн жана чыр-чатактын катышуучулары мындай мыйзам бузууларды натыйжалуу, ыкчам, ар тараптуу жана калыс иликтеп, аларды жасады деп болжолдонгондорду жоопко тартууга милдеттүү. Мындай кол салуулар токтотулуп, аларды жүргүзүү же буйрук бергендер жооп бериши керек».

Бачелеттин билдирүүсүндө Азербайжандын Генже, Тертер жана Берде сыяктуу калктуу конуштардагы жарандарга карай армян кол салууларын айыптабаганы көңүлдү бурду.

Азербайжандын Башкы прокуратурасы 27-сентябрдан 29-октябрга чейинки мезгилде Армениянын калктуу конуштарына жасалган чабуулдарда 91 жаран каза болуп, 329 адам жаракат алгандыгын билдирген.



Тектеш кабарлар