Дүйнө жүзүндө коронавирус дагы деле тизгинделе элек

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 1 миллион 201 миң 925тен ашты.

1519691
Дүйнө жүзүндө коронавирус дагы деле тизгинделе элек
İspanya koronavirüs Süper.jpg
SÜPER FOTO koronavirus aşı.jpg
süper covid

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 1 миллион 201 миң 925тен ашты. Вирусту жуктургандардын саны 46 миллион 495 миңден, ал эми айыккандардын саны 33 миллион 561 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дан улам каза болгондордун саны 236 миң 101ге, ал эми жуккан адамдардын саны 9 миллион 404 миң 823кө жетти.

Ковид-19дун айынан Улуу Британияда каза болгондордун саны 46 миң 555 болду. Өлкөдө ооруну жуктуруп алгандардын саны дагы көбөйүп, 1 миллион 11 миң 660ка жетти. Өлкө боюнча эпидемияга байланыштуу 5-ноябрдан баштап күчүнө кире турган экинчи жолу карантин жарыяланды.

Италияда Ковид-19дан улам каза болгон адамдардын саны 38 миң 618, ал эми жуктуруп алгандардын саны 679 миң 430 болду.

Францияда эпидемиянын кесепетинен адам өлүмү 36 миң 788ге чейин жогорулады. Өлкөдө бул илдетке чалдыккан адамдардын саны 1 миллион 367 миң 625.

Эпидемиянын кесепетинен 35 миң 878 өлүм жана 1 миллион 264 миң 517 жуктурган учур катталган Испанияда, Ковид-19 эпидемиясына каршы көрүлүп жаткан чараларга нааразычылыгын билдирген демонстрацияларда көчөлөр согуш майданына бурулду. Өлкөнүн ар башка шаарларында 23төн ашуун адам жаракат алгандыгы жана полиция өлкөнүн ар кайсы шаарларындагы окуяларда 47 демонстрантты кармагандыгы кабарланды.

Португалияда эпидемиянын кесепетинен көз жумган адамдардын саны 2 миң 507 болду. Өлкөдө оорулардын саны 141 миң 279га чейин көбөйгөн.

Ковид-19дан 907 адам каза тапкан Австралияда июнь айынан бери биринчи жолу жаңы оорулар катталган жок.

Ковид-19дон улам каза болгондордун саны Бразилияда 159 миң 902, Мексикада 91 миң 753 жана Перуда 34 миң 476 болду.

Коронавирустун жаңы түрүнөн улам башка өлкөлөрдө каза болгон адамдардын саны төмөнкүчө:

Колумбия (31 миң 314), Аргентина (31 миң 2), Чили (14 миң 207), Эквадор (12 миң 670), Бельгия (11 миң 625), Германия (10 миң 583) жана Канада (10 миң 136)



Тектеш кабарлар