Жонсон Чыгыш Жер Ортолук деңизи жөнүндө билдирүү жасады

Жонсон Грециянын премьер-министри Кирякос Мицотакис менен сүйлөшүү өткөрдү.

1512889
Жонсон Чыгыш Жер Ортолук деңизи жөнүндө билдирүү жасады

Англиянын премьер-министри Борис Жонсон, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги чыңалууну азайтуу үчүн Түркия жана Греция менен иштешүүнү уланта тургандарын айтты.

Британиянын Премьер-министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Жонсон Грециянын премьер-министри Кирякос Мицотакис менен сүйлөшүү өткөрдү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы күрөшүү, Европа Бирлиги (ЕБ) менен Улуу Британиянын ортосундагы соода келишимдери боюнча сүйлөшүүлөр, ошондой эле Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана Кипр маселелери талкууланды.

Чыгыш Жер Ортолук деңизинде диалог жүргүзүү керектигин баса белгилеген Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, талаш-тартыштарды дипломатиялык жолдор менен чечүү темасындагы чечкиндүүлүктү кубаттап, Британиянын чыңалууну азайтуу үчүн эки тарап менен тең кызматташууну улантаарын айтты.

Сүйлөшүүдө Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы президенттик шайлоо да талкууланып, Англиянын премьер-министри Кипрдеги чечим ар бир адамдын кызыкчылыгында экендигин айтты.



Тектеш кабарлар