Аббас АКШ менен жолугушууга карай кысымдарды четке кагууда

Фатх кыймылынын башчысынын орун басары Махмуд ал-Алул,Палестинанын расмий телекөрсөтүүсүнө билдирүү жасады.

1493863
Аббас АКШ менен жолугушууга карай кысымдарды четке кагууда

Фатх кыймылынын башчысынын орун басары Махмуд ал-Алул, Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббастын Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) башкаруучулугу менен жолугушуу үчүн араб өлкөлөрүнүн жана эл аралык чөйрөлөрдүн кысымын четке какты деп билдирди.

Палестинанын расмий телекөрсөтүүсүнө билдирүү жасаган Алул төмөнкүдөй баа берди: «Мамлекет башчы Махмуд Аббас АКШнын башкаруучулугу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Израиль кыскарткан бажы кирешелерин өндүрүү боюнча араб бир туугандарынын жана эл аралык чөйрөлөрдүн болуп көрбөгөндөй кысымына туш болууда, бирок ал муну кабыл албайт. Ушул этапта Палестинанын тандоосу чакырыкка туруштук берүү. Бардыгы алардын Палестина доосун жоюуну каалагандарын абдан жакшы билишет. Палестина башкаруучулугу Израиль менен координацияны токтотуудан мурдагы кырдаалга эч качан кайтып келбейт».

Палестинанын мамлекет башчысы Аббас, Батыш Шерианын территориясынан айрым аймактардын аннексияланышы боюнча кабыл алынган чечимден кийин 19-майда Израиль жана АКШ менен кол коюлган бардык келишимдерден жана протоколдордон баш тартканын жарыялады.



Тектеш кабарлар