АКШда Африка тектүү бир киши полиция тарабынан өлтүрүлдү

АКШнын Лос Анжелес шаарында мыйзамсыз түрдө велосипед тепкендиги белгиленип, токтотууга аракет кылынган Африка тектүү бир жаран шериф орун басарларынын ок атуусу менен каза болду.

1483476
АКШда Африка тектүү бир киши полиция тарабынан өлтүрүлдү

АКШнын Лос Анжелес шаарында мыйзамсыз түрдө велосипед тепкендиги белгиленип, токтотууга аракет кылынган Африка тектүү бир жаран шериф орун басарларынын ок атуусу менен каза болду.

Los Angeles Times гезитинде орун алган кабарга караганда Лос Анжелес шериф департаментинен лейтенант Брэндон Дин мыйзамсыз велосипед тээп жүргөн адамды эки шерифтин орун басары токтоткусу келгенин билдирген.

Шериф орун басарлары токтотууга аракет кылган Африка тектүү жарандын велосипедин таштап кача баштагандыгын белгилеген Дин бул кишинин шериф орун басарларынын бирөөсүнүн бетине муштум менен урганын айтты.

Дин мушташ учурунда бул адам түшүргөн буюмдардын арасынан куралды көргөн шерифтин орун басарлары ок аткандыгын билдирди. Атылган ок менен каза болгон кишинин 29 жаштагы Дижон Киззе экени белгиленди.

Дүйшөмбү күнү түштөн кийин болгон окуядан улам жүздөгөн киши полиция  борборуна карай митингге чыгышты.

Айрым митингчилер полиция тарабынан атылган окту актоого болбой тургандыгын айтышып : «Адилет жок болсо тынчтык да жок»,- деген ураандар менен жүрүштү.

Окуя болгон аймакта жашаган Арландер Гивенс аттуу жаран шериф орун басарларынын колунда курал болбогон  кишиге эмне себептен ок атканын сурап : «Куралды алуу үчүн колун узатканда анда башка болмок. Бирок курал жерде турган, эмне үчүн ок атышты? Бул ал куралсыз деген мааниге келет»,- деди.  

Лос Анжелес шериф департаменти твиттерден берген маалыматта окуя тууралуу көп сандаган көз карандысыз териштирүүнүн ачылгандыгын жарыялады.

 



Тектеш кабарлар