ПЭБФ Израиль менен БАЭнин планын токтотуу үчүчн араб аракеттерин бириктирүгө чакырды

Палестинанын Элдик Боштондук Фронту тарабынан жазуу жүзүндө билдирүү жарыяланды.

1482547
ПЭБФ Израиль менен БАЭнин планын токтотуу үчүчн араб аракеттерин бириктирүгө чакырды

Палестинанын Элдик Боштондук Фронту (ПЭБФ) Израиль менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) планын токтотуу үчүн араб жана улуттук аракеттерди бириктирүүгө чакырды.

Палестинанын Элдик Боштондук Фронту тарабынан берилген жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө, «Биз Бириккен Араб Эмираттарынын жетекчилеринин Израиль менен чыккынчылык жолуна өтүү талабын жана америкалык жана израилдик чиновниктер менен израилдик учакты кабыл алышын айыптайбыз»,делди.

Билдирүүдө, «Бириккен Араб Эмираттарынын Израиль менен болгон нормалдашуу келишиминин бардык араб айыптоолорун четке кагышы, аны көз жаздымда калтырып, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) бийлигине баш ийүүсүнүн жана анын элдерге каршы душмандык пландарына баш ийүүсүнүн чагылдырылышы болуп саналат» деген баа берген.

Билдирүүдө ошондой эле Сауд Арабиясынын бийлиги Израилдин БАЭге багыт алган учактарынан өлкөнүн аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат бергендиги айыпталды.

Палестинанын Элдик Боштондук Фронтунун билдирүүсүндө Сауд Арабиясынын мындай мамилеси БАЭ администраторлорунун "чыккынчылык долбоорун" шыктандырганы айтылган.

Палестинанын Элдик Боштондук Фронту Араб Эмирлиги жана Израиль нормалдаштыруу планын токтотуу үчүн бардык араб жана улуттук аракеттерди бириктирүүгө үндөдү.

Кечээ Абу-Даби аэропортунда Тель-Авивден борбор шаар Абу-Дабиге жөнөшкөн Америка жана Израиль расмийлерин БАЭнин тышкы иштер министри Энвер Гаргаш тосуп алды.

АКШ менен Израилдин делегациясынын Абу-Дабиге жасаган биринчи ар тараптуу расмий иш сапары 2 күнгө созулуп, айрым кызматташуу келишимдерине кол коюлушу күтүлүүдө.

АКШнын президенти Дональд Трамп 13-августта Израиль менен БАЭ "мамилелерин толугу менен нормалдаштыруу" боюнча макулдашууга жетишкенин жарыялады.

БАЭ 1979-жылы Египеттен жана 1994-жылы Иорданиядан кийин Израиль менен нормалдашуу келишимин түзгөн үчүнчү араб өлкөсү болуп калды.



Тектеш кабарлар