ЕБ: «Түркия менен диалог түзүү зарыл»

Европа Комиссиясы Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги чыңалуунун басаңдашын каалайт.

1482960
ЕБ: «Түркия менен диалог түзүү зарыл»

ЕБ Комиссиясынын басма сөз катчысы Питер Стано, Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги кырдаалга чечим табуу үчүн Түркия менен диалог түзүү зарыл экенин айтты.

Питер Стано, Европа Комиссиясынын күнүмдүк маалымат жыйынында Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги чыңалуунун басаңдашын каалайбыз деп билдирди.

Диалог, кыйыр сүйлөшүүлөр жана жолугушуулар аркылуу чыңалууну азайтуу аракеттеринин жолуна түшүү керектигин баса белгилеген Стано, Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги абалдын жакшы эмес экендигин белгиледи.

Стано: «Жасалышы керек болгон нерсе- бул Түркия менен отуруп чечим табууга аракет кылуу жана диалог аркылуу чыңалууну азайтуу. Эң маанилүүсү актерлор бул маселеге көңүл бурушу керек»,-деди.



Тектеш кабарлар