Кытай 3 өлкөнүн Гонконг менен кылмышкерлерди алмаштыруу келишимин токтотту

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин катчысы Ванг Вынмин Австралия жана Британиянын юстициялык кызматташууну саясатташтырганын жана улуттук коопсуздук тармагында кош стандартты ишке ашырганын айтты.

1463784
Кытай 3 өлкөнүн Гонконг менен кылмышкерлерди алмаштыруу келишимин токтотту

Кытай Канада, Австралия жана Британиянын Гонконг автоном башкаруу аймагы менен кылмышкерлерди алмаштыруу келишимин токтотту.

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин катчысы Ванг Вынмин борбор шаар Пекиндеги пресс жыйынында берген маалыматта Канада, Австралия жана Британиянын Кытайдын ички иштерине кийлигишүүсүнө жооп катары бул өлкөлөр менен Гонконг арасындагы кылмышкерлерди тапшыруу жана юстициялык жардамдашуу келишимдерин токтоконун билдирди.

Ванг Канада, Австралия жана Британиянын юстициялык кызматташууну саясатташтырганын жана улуттук коопсуздук тармагында кош стандартты ишке ашырганын айтты.

Канада, Австралия жана Британия Кытайдын Гонконг автоном башкаруу аймагында Улуттук Коопсуздук Мыйзамын ишке киргизди деген негиз менен бир тараптуу түрдө Гонконг менен кол коюлган кылмышкерлерди алмаштыруу келишимин токтотушкандарын билдирген.

Бир тараптан Жаңы Зеландияда да бүгүн Гонконг менен кылмышкерлерди тапшыруу келишимин токтотконун жарыялап жана бул мыйзамдын аткарылышынан терең санааркаганын билдирген.

Пекин башкаруусу бул тууралуу жалпысынан өлкөлөрдүн мамилесин Гонконгго карата тышкы кийлигишүү экенин жактап жатат.



Тектеш кабарлар