Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Ирандын президенти Хасан Рухани өлкөдө экинчи толкундун болгонун билдирди.

1460844
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны 637 610дон ашты. Айыккандардын саны 9 миллион 588 000ден ашып, вирус жуккан киши саны 15 миллион 716 000ден жогорулады. 

Индияда акыркы 24 саатта 740 киши каза болушу менен жалпы каза болгон киши саны 30 601ге, вирус жуккан киши саны 1 миллион 287 945ке жогорулады. 

Иракта Ковид  - 19дан акыркы бир күндө 90 киши каза болду. 2 485 жаңы учур катталды. Өлкөдө эпидемиядан каза болгондордун жалпы саны 4 212ге, вирус жугузгандардын жалпы саны 104 711ге чыкты. Ирак Көз Карандысыз Жогорку Адам Укуктары Комиссарлыгы жаңы тип коронавирустан өлкөдө "адамзаттык апаат" болору боюнча эскертти. Комиссарлыктан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта өлкөдө саламаттык сактоо абалынын начардыгы, саламаттык сактоо инфраструктурасынын жок болушу жана өкмөттүн ооруканалар менен саламаттык сактоо борборлоруна берген жардамдардын аз болушу  бир апаатка жол ачары белгиленди. 

Иранда Ковид  - 19дан 15 289  киши каза болуп, 286 523 кишиге вирус жуккан. Президент Хасан Рухани өлкөдө экинчи толкундун болгонун билдирди. Мунун экономикалык иштердин башталышынан эмес, эпидемия эрежелереине баш ийбегендиктен болгонун айткан Рухани : "Эл  вирустун күчүнүн кеткенин ойлоду. Бүгүн бейтаптардын болушу   сүннөт жана жаназа сыяктуу салтанаттарга байланыштуу",- деди. 

Эпидемиядан 833 киши каза болгон Нигерияда вирус жуккан киши саны 604 кишиге көбөйүп 38 948 кишиге жетти. 

Түштүк Африкада болсо каза болгон киши саны 90 93кө, вирус жуккан киши саны 13 104кө көбөйүп 408 миң 52ге чыкты. 

жалпы Африка материгинде коронавирустан каза болгондордун саны 16 756га жогорулап, вирус жуккан киши саны 792 000ден ашты. 

 




Тектеш кабарлар