Британия семиздикке каршы бир катар чараларды көрөт

Бул чечим ашыкча салмактуу адамдардын коронавирусту жуктуруп алуу коркунучу жогору экендиги жөнүндөгү далилдерге байланыштуу кабыл алынууда.

1461377
Британия семиздикке каршы бир катар чараларды көрөт

Улуу Британия коронавирус коркунучун жогорулаткан семиздикке каршы бир катар чараларды көрүүгө даярданып жатат.

Премьер-министр Борис Жонсон кийинки аптада семиздикке каршы бир катар чараларды, анын ичинде телеканалдардан кечки саат 9га чейин керексиз тамак-аш жарнамаларына тыюу салууну жарыялайт.

Чаралар азырынча акыркы формасын бере элек бирок зыяндуу тамак-аштардын интернеттеги жарнамаларына тыюу салуу жана  дүкөндөрдөгү арзандатууларды чектөө жаңы эрежеге ылайык жүргүзүлөт.

Айрым ресторандардан менюларына калориялык белгилерди коюу талап кылынат.

Бул чечим ашыкча салмактуу же семиздикке чалдыккан адамдардын коронавирусту жуктуруп алуу коркунучу жогору экендиги жөнүндөгү далилдердин пайда болушуна байланыштуу кабыл алынууда.

Жонсон буга чейин туз, май жана кант азыктарына кошумча салыктарды сынга алып, ашыкча салмакка каршы күрөштү "өтө либертардык" деп мүнөздөгөн.



Тектеш кабарлар