Лавров менен Байрамов сүйлөштү

Лавров Байрамовду жаңы кызматынан улам куттуктады.

1457149
Лавров менен Байрамов сүйлөштү

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Азербайжандын тышкы иштер министри болуп дайындалган Жейхун Байрамов менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Лавров Байрамовду жаңы кызматынан улам куттуктады.

Байрамов орус кесиптешине Армения-Азербайжан чек арасында армян күчтөрүнүн акыркы аскердик чагымчылыгы жөнүндө маалымат берип, чыңалуунун негизги себебинин Армениянын 30 жылдан ашык убакыттан бери уланып келе жаткан агрессивдүү саясаты экендигин белгиледи.

Сергей Лавров болсо тараптарды ок атышууну токтотууга жана аймактагы чыңалууну басаңдатууга үндөгөнүн билдирди.



Тектеш кабарлар