Грушко: «Орусия менен Түркиянын ортосундагы мамилелер бекем пайдубалга негизделген»

Грушко, Орусия менен Түркиянын мамилелери жөнүндө маек куруп берди.

1456366
Грушко: «Орусия менен Түркиянын ортосундагы мамилелер бекем пайдубалга негизделген»

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Грушко, Орусия менен Түркиянын ортосундагы мамилелердин бекем пайдубалга негизделгенин айтты.

Грушко, Интерфакс маалымат агенттигине Орусия менен Түркиянын мамилелери жөнүндө маек куруп берди.

Эки өлкөнүн энергетика тармагында «Түрк агымы» жаратылыш газ кууру жана «Аккую» атомдук электр станциялары (NGS) сыяктуу долбоорлорду ишке ашырганын эске салган Грушко: «Эки тараптуу мамилелер бекем пайдубалга негизделген. Биз узак жолду басып өтүп, чоң натыйжаларга жетиштик»,- деп айтты.

Эки тараптуу мамилелердин мурункуга негизделгенин баса белгилеген Грушко, Орусиянын президенти Владимир Путин жана президент Режеп Таййип Эрдогандын демилгелери менен стратегиялык өнөктөштүктү орнотууда жылыштар болгонун билдирди.

Ошондой эле Орусия менен Түркиянын Иран жана Сирия маселесин чечүүнүн негизги принциптерин аныктаган Астана форматын түзгөндөрүн эске салып: «Сириянын келечегине байланыштуу орток стратегиялык биримдигибиз бар. Сириянын учурдагы чек араларда бирдиктүү жана бөлүнбөс өлкө экендиги жана сириялыктардын өз тагдырын өздөрү аныкташы керек экени боюнча бирдей пийирдебиз. Бул өтө маанилүү»,-деди.



Тектеш кабарлар