Индонезияда катуу жамгыр жаашы менен сел жүрдү
Сел апаатында каза болгондордун саны 16га жетти
1455424
Индонезиянын Түштүк Сулавеси провинциясында катуу жамгыр жаашы жол ачкан селде каза болгондордун саны 16га жетти.
Макассар изилдөө - куткаруу агенттигинин төрагасы Мустари сел катуу болгон провинцияга караштуу Түндүк Луви аймагында 3 кишинин дагы жансыз денесинин табылышы менен каза болгондордун саны 16га жеткенин белгиледи. Кечээ жоголгондордун санын 43 деп бидирген Мустари сел апаатында 10 кишинин да жаракат алганын жарыялады.
Жетекчилер сел 4000ден ашуун кишиге тескери таасир тийгизген аймакта жоголгон кишилерди куткаруу иштеринин улантылып жатканын белгиледи.