АКШдагы түрк ишканасы Чобаниден Ковид-19 жардамы

Бул ишкана өзү жасаган айрандарды акысыз таратууда.

1446941
АКШдагы түрк ишканасы Чобаниден Ковид-19 жардамы

Түркиялык ишкер тарабынан негизделген АКШнын тез өнүгүп келе жаткан ишканаларынын бири «Чобани», коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) эң көп жабыркаган штаттардын бири болгон Нью-Жерсиде миңдеген айранды акысыз таратты.

"Chobani Pantry" акциясынын алкагында уланып жаткан жардам үчүн түрктөр жана качкындар жыш жашаган Патерсон шаарына жүк ташуучу унаа жөнөтүлдү.

Чобанинин негиздөөчүсү Хамди Улукая билдирүүсүндө: «Chobani Pantry менен максатыбыз - бул пандемиялык мезгилде коомго үмүт болуу жана ошондой эле ушул оор жана орчундуу процессте ден-соолукка пайдалуу тамак-аштар менен камсыз кылуу»,- деп айтты.

Билдирүүдө Ковид-19 процессинде АКШнын жалпысындагы азык-түлүк банктарына, ооруканаларына, карылар үйлөрүнө жана муктаж уюмдарга апрель айынан бери 4 миллион ашуун айран акысыз таратылгандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар