Дүйнөлүк банк Сомалиге кайтарымсыз грант берет

Банктын жазуу жүзүндөгү билдирүүсү

1442535
Дүйнөлүк банк Сомалиге кайтарымсыз грант берет

Дүйнөлүк банк, Эл аралык өнүгүүгө жардам берүү (IDA) программасынын алкагында Сомалиге 55 миллион долларлык кайтарымсыз грант берүүнү бекиткенин жарыялады.

Банктын жазуу жүзүндөгү билдирүүсүндө, бул кошумча каржылык колдоонун коронавирустун (Ковид-19) дүйнөлүк кесепеттерин азайтууга жана өкмөттүн реформа программасын улантууга жардам берери белгиленди.

Билдирүүдө Сомалинин каржы министри Абдирахман Билехтин: «Кайрадан каралган бюджеттин пандемиянын кесепетинен кирешеси төмөндөп кеткен жергиликтүү администрацияларга жана жакыр үй-бүлөлөргө каржылык жардамды көбөйтүүгө багытталгандыгын белгилеп, кошумча каржы пакетинин 2020-жылы 29 пайыздык киреше кыскаруусуна туш болгон өкмөттүн боштугун толтурат»,- дегенине орун берилген.



Тектеш кабарлар