Францияда жикчилдикке каршы акциялар өттү

Францияда борбор шаар Париж жана ар кайсы шаарларында миңдеген киши расизмди жана полиция зомбулугуна нааразылык билдириш үчүн митингдерге катышты.

1435443
Францияда жикчилдикке каршы акциялар өттү

Францияда борбор шаар Париж жана ар кайсы шаарларында миңдеген киши расизмди жана полиция зомбулугуна нааразылык билдириш үчүн кайрадан көчөлөргө чыкты.

«Адама үчүн адилеттик коллективи» чакыруусу менен митинг өткөрүүгө тыюу салынганына карабастан Париждеги Республика аянтына чогулган демонстранттар, расизмди жана полиция зомбулугун айыпташты.

Демонстрацияда 2016-жылы полициянын унаасында каза болгон 24 жаштагы африка тектүү жаш Адама Траоре үчүн адилеттик талап кылынды. Демонстранттар ар түрдүү плакаттарды көтөрүшүп «Адама үчүн адилеттик», «Кылмышкер полиция», «Полиция зомбулугу токтосун», «Адилеттик болбосо тынчтык болбойт» ураандарын чакырышты.

Адама Траоренин эжеси Асса Траоре, акцияда сүйлөгөн сөзүндө «Кичине иним дуушар болгон зомбулукту айыптайбыз. Бир тууганым 25-майда АКШдагы полиция зомбулугунда каза болгон Африка тектүү Жорж Флойд сыяктуу «дем ала албай жатам» деди»,-деп айтты.

Полиция, демонстранттардын Республика аянтынан кетүүсүнө жана Опера аянтын көздөй жүрүшкө чыгуусуна уруксат берген жок.

Акцияда кыска мөөнөттүү чыңалуу болду. Полиция ар түрдүү материалдарды ыргыткан демонстранттарга көздөн жаш агызуучу газ чачты. Демонстранттар бир иш жеринин терезелерин сындырды.

Полиция, акцияга катышуу үчүн аянтка кирүүгө аракет кылгандарга «кетип калуу» чакырыгын салды.

Ашкере улутчул бир уюмга мүчө кишилер болсо аянттагы имараттын эң үстүңкү кабатына «Расизмге дуушар болгон актар үчүн адилеттик» деген жазуусу бар плакатты илди. Буга каршы имаратта жашагандар плакатты жыртып уюмдун мүчөлөрүнө каршылык көрсөтүштү.

Париждин Коопсуздук директорлугунун жарыясына караганда борбор шаардагы акцияда 26 кишинин камакка алынганы белгиленди. Камакка алынгандар чындыгында сөз болгон плакатты илген уюмдун мүчөлөрү болгон 12 киши экендиги маалымдалды.

Демонстрацияда Палестинаны жактаган бир топ да Израилдин басып алуусу астындагы Батыш Шериада орун алган айрым аймактарды «аннексия планына» жана жикчил саясаттарына каршылык көрсөттү.

Борбор шаардагы акцияга 15 миң киши катышып, Лиондогу митингде дагы полиция менен демонстранттардын ортосунда чыңалуу болду.

Марсилия жана Гренобль шаарларында да тыгыз коопсуздук астында митингдер өттү.



Тектеш кабарлар