Иран Сүлейманинин өлтүрүлүшүндө бир кишини өлүм жазасына тартты

АКШ 2020 -  жылы 3 -  январда ирандык генерал Касым Сүлеймани жана Хашди Шабинин төрага орун басары Эбу Мехди ел  - Мүхендисти Иракта Багдат аэропортуна жасаган абадан кол салууда өлтүргөн.

1432536
Иран Сүлейманинин өлтүрүлүшүндө бир кишини өлүм жазасына тартты

Иран январь айында АКШ тарабынан өлтүрүлгөн Генерал Касым Сүлейманинин  штабы тууралуу маалыматтарды берди деген негиз менен бир кишини өлүм жазасына тартты.

Борбор шаар Тегеранда пресс  - жыйын өткөргөн Иран сотунун катчысы Гулам Исмаили Махмуд Мусеви Межд аттуу кишинин МОССАД (Израиль жашыруун кызматы) жана ЦРУга (АКШ Борбордук Чалгындоо Уюму) кызмат кылганын жана Сүлейманинин турган жери тууралуу мааалыматтарды бул кызматтар менен бөлүшкөнүн айтты.

Исмаили Межддин акча үчүн Төңкөрүш Гвардиялары Армиясынын Кудс Күчү башта болгон өлкөнүн куралдуу күчү жана башка коопсуздук темалары тууралуу ЦРУ жана МОССАДга билдиргенин жактады.

Межддин  Иран соту тарабынан өлүм жазасына тартылганын айткан Исмаили жогорку сот да бекиткен жазанын жакында ишке ашырыларын билдирди.

АКШ 2020 -  жылы 3 -  январда ирандык генерал Касым Сүлеймани жана Хашди Шабинин төрага орун басары Эбу Мехди ел  - Мүхендисти Иракта Багдат аэропортуна жасаган абадан кол салууда өлтүргөн.

 



Тектеш кабарлар