Дүйнөдө COVID-19дан каза тапкандардын саны 400 478ден ашты

Ал эми 3 миллион 392 миңден ашуун  киши илдеттен айыкты.

1430855
Дүйнөдө COVID-19дан каза тапкандардын саны 400 478ден ашты

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 400 478ден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 6 миллион 930 миңден ашты. Ал эми 3 миллион 392 миңден ашуун  киши илдеттен айыкты.

Италияда Ковид-19дун айынан көз жумгандардын саны бир күндө 78ге көбөйүп 33 миң 846га жогорулады. Инфекцияга чалдыккандардын саны 234 миң 801ге жеткен өлкөдө кечээ 270 жаңы учур катталды.

Францияда коронавирустун себебинен акыркы 24 саатта 31 киши көз жумуп жалпы 29 миң 142ге жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо бир күндө 579га көбөйүп 191 миң 39 болду.

Испаниянын Саламаттык сактоо министрлиги, илдеттен акыркы 24 саатта 1 кишинин каза болгондугун жана жалпы сандын 27 миң 135ке жеткендигин билдирди. Вирусту жаңы жуктуруп алган учур 164 болуп, жуктуруп алгандардын жалпы саны болсо 240 миң 310го жогорулады. Өлкөдө Ковид-19го байланыштуу каза болгон жана жуктурган учурлар боюнча автономиялуу өкмөттөр менен Саламаттык сактоо министрлигинин көрсөткүчтөрүнүн арасындагы айырма уланууда.



Тектеш кабарлар