СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнөдө коронавирустан каза тапкандардын саны 393 миң 500дөн ашты.

1430143
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 393 миң 500дөн, вирусту жуктуруп алгандардын саны 6 миллион 720 миңден ашты. Ал эми 3 миллион 264 миң 200дөн ашуун  киши илдеттен айыкты.

АКШда Ковид-19дун айынан каза тапкандардын саны 110 миң 179га, вирусту жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 924 миң 189га жетти.

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда коронавирустан каза тапкандардын саны 24 саатта 176га көбөйүп 39 миң 904кө, вируска чалдыккандардын саны болсо 1805 жаңы учур катталып жалпы 281 миң 661ге жетти.

Италияда Ковид-19дун айынан көз жумгандардын саны бир күндө 88ге көбөйүп 33 миң 689га жогорулады. Ооруга чалдыккандардын саны 234 миң 13кө жеткен өлкөдө кечээ 177 жаңы учур катталды.

Францияда коронавирустун себебинен акыркы 24 саатта 44 киши көз жумуп жалпы 29 миң 65ке жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо бир күндө 767ге көбөйүп 189 миң 849 болду.

Испаниянын Саламаттык сактоо министрлиги, илдеттен акыркы 24 саатта 5 кишинин каза болгондугун жана жалпы сандын 27 миң 133кө жеткендигин билдирди. Вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 240 миң 660ка жогорулады.

Португалияда Ковид-19дан акыркы 24 саатта 8 киши каза болуп жалпы 1 миң 455ке жетти. Бул сан 15-майдан берки эң төмөнкү өлүм көрсөткүчү болду. Ал эми илдетти жуктургандардын саны 33 миң 592ге жогорулады.

Кээ бир батыш өлкөлөрүндө каза тапкандардын көрсөткүчү төмөндөгүчө:

Англия 39 миң 904, Бразилия 34 миң 39, Мексика 12 миң 545, Бельгия 9 миң 566, Германия 8 миң 736, Канада 7 миң 637, Перу 5 миң 31, Чили 1356



Тектеш кабарлар