Ооганстанда Талибан кол салуусунан 8 коопсуздук кызматкери каза тапты

Бул тууралуу Логар губернаторлугунун катчысы Дидар Лаванг маалымат берди.

1418827
Ооганстанда Талибан кол салуусунан 8 коопсуздук кызматкери каза тапты

Талибан террористтеринин Ооганстандын Логар провинциясында орун алган жез кенине кол салуусунан 8 коопсуздук кызматкери каза тапты.

Логар губернаторлугунун катчысы Дидар Лаванг, террористтердин Логар провинциясынын Мухаммед Ага районундагы жез кенине куралдар менен кол салганын жарыялады.

Окуяда кенди кайтарган 8 коопсуздук кызматкери каза болгонун, 7 коопсуздук кызматкеринин да жаракат алганын белгилеген Лаванг, кол салуунун мизи майтарылганын айтты.

Талибандан учурда кол салуу тууралуу маалымат бериле элек.

Эске сала кетсек  террористтердин  22-апрелде да ошол эле кенге кол салуусунан 8 коопсуздук кызматкери каза болгон.



Тектеш кабарлар