Батыш өлкөлөрү коронавирустан кутулуунун жолдорун издөөдө

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 288 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 4 миллион 287 миңден ашты.

1416056
Батыш өлкөлөрү коронавирустан кутулуунун жолдорун издөөдө

 

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 288 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 4 миллион 287 миңден ашты. Ал эми 1 миллион 545 миңден ашуун киши илдеттен айыкты.

Пандемиянын чордону АКШда Ковид-19дун себебинен акркы 24 саатта көз жумгандардын саны 1931ге көбөйүп 81 миң 987ге жогорулады. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 1 миллион 387 миң 500гө жетти. Президент Дональд Трамп болсо жуктуруп алгандар жана вирустан каза болгондор өлкөнүн дээрлик бардык жеринде азайганын, абал жакшыра баштаганын айтты. Каза тапкандар көп болгон Нью-Йорк штаты бул аптадан тарта жаңы баскычка өтүп элет жерлердеги айрым ишканаларды ачууга даярданып жатканда, бул аймакта 5 миңден ашуун кишинин вирустун себебинен көз жумганы катталбай калганы белгиленди. Бир тараптан Ак үй өлкөдөгү коронавирустан каза болгондордун үчтөн бирин түзгөн картаңдар үйүндөгү бардык кызматкерлер жана улгайган адамдарга тест жасалышын сунуштады. Адистер бул жерлердеги каза болууларды жетиштүү санда кызматкердин болбошу жана картаңдарга жетиштүү тесттен өтпөгөндүгүн себеп көрсөтүүдө. Бул учурда Ак үйдүн башкаруу кеңселери орун алган West Wingде  (Батыш канаты) кызмат кылгандарга жаңы типтеги коронавирус чара көрүүлөрүнүн алкагында бет кап тагуу мажбурдуулугу киргизилди.

32 миң 65 киши каза болушу менен пандемиянын Европадагы чордонуна айланган Англияда премьер-министр Борис Жонсон болсо, Ковид-19 чара көрүүлөрүнүн кантип жоюла турганын көрсөткөн 50 барактык жол картасын жарыялады. Жонсон вакцияна же дарылоонун табылышын күтүүнүн план болбой турганын белгилеп, «Тобу менен вакцияна же дарылоонун табылышы бир жылдан ашык убакытка созулушу мүмкүн. Ал эмес эң жаман сценарийде  эч качан вакцина таба албай калышыбыз мүмкүн»,-деп айтты. Буга кошумча бет каптын вирустун жайылуусун токтотууга жардамчы болгону жөнүндө абдан аз далил болгонун жактаган өлкөдө өкмөттөн элге алгач ирет үйдүн тышындагы кишилер менен байланышта болгон жабык аянттарда бет кап тагуу чакырыгы салынды.

Италияда пандемиянын себебинен каза болгондордун саны бир күндө 179га көбөйүп 30 миң 739га жогорулады. Алардын 160ы доктурлар.  Өлкөдө бейтаптардын саны 836га кыскарып, 82 миң 488ге түштү.

26 миң 744 киши каза тапкан Испанияда Ковид-19дан жакындарын жоготкондорун айткан 3 миңден ашуун киши «пандемияга каршы жетээрсиз чара көрүп, кеч, жоопкерчиликсиз жана жаман иш-аракет кылып ыктымалдуу кылмыш кылышты» күнөөлөрү менен өкмөткө каршы Жогорку сотко кайрылды.

Францияда вирустан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 263кө көбөйүп 26 миң 643кө жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 456га көбөйүп  211 миң 184кө жогорулады.

Германияда каза болгондор 7 миң 661 деп жарыяланып, бул өлкөдө эпидемиянын себебинен каза болгон түрктөрдүн саны 152ге жетти. Өлкөдө вирусту жуктуруп алгандардын саны 172 миңден ашат.

16-мартта өзгөчө кырдаал жарыяланган, 27-апрелде чач тарач, сулуулук жана косметикалык залдар менен катар курулуш материалдарын саткан дүкөндөр, гүл, бакча жана хобби материалдарын саткан жайлар менен физиотерапия борборлору кайрадан ачылган Швейцарияда кечээ пандемия менен күрөшүүнүн экинчи баскычына өтүлдү. Дүкөн, ресторан, кафе жана айрым мектептер ишин баштады, коомдук транспорт толук кандуу иштей баштады.

Бразилияда Covid-19дун себебинен 24 саатта 530 адам каза таап, жалпы каза болгондордун саны 11 миң 653кө жогорулады. Вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо169 миң 594кө жетти.

Вирустун себебинен 3 миң 573 киши каза болгон 36 миң 327 киши вирусту жуктуруп алган Мексикада 11 саламаттык сактоо кызматкери Ковид-19дан каза тапты.

Австралияда Ковид-19дун эң көп жайылган жана 44 өлүм менен эң көп каза болгон учур катталган Жаңы Түштүк Уэльс штатында пандемия пайда болгондон бери акыркы 24 саатта алгач ирет жаңы жуктарган учур катталган жок.

Айрым өлкөлөрдөгү каза болгондор мындай;

Бельгия 8707, Нидерландия 5510,Канада 4993, Швеция 3 миң 256, Эквадор 2 миң 145, Перу 1961, Швейцария 1845, Ирландия 1467, Португалия 1144, Румыния 982, Польша 811, Филиппиндер 726, Австрия 620, Дания 533, Колумбия 479, Доминикан Республикасы 393, Чили 323, Сербия 218.



Тектеш кабарлар