Япония менен Индонезияда жер титиреди

Жер титирөө жакынкы аймактарда да сезилди.

1414694
Япония менен Индонезияда жер титиреди

Япониянын чыгышындагы Ибараки провинциясында 5,5 баллга, Индонезиянын Малуку провинциясында болсо 5,7 баллга жеткен жер титирөө болду.

Япониянын метеорологиялык агенттигинин билдирүүсүнө караганда, эпицентри Ибараки аймагы болгон күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө 50 чакырым тереңдикте катталды.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.58де болгон жер титирөө жакынкы аймактарда да сезилди.

Агенттик цунами жөнүндө эскертүү берген жок.

Индонезиянын Метеорология, климат жана геофизика мекемеси да (BMKG) эпицентри Малуку провинциясына караштуу Батыш Малуку Тенгара аймагынын 276 чакырым түндүк-батыш жээктеринде болгон 5,7 баллдык жер титирөөнүн жердин 10 чакырым тереңдигинде катталгандыгын жарыялады.

Жер титирөөдөн жабыркагандар болуп же болбогону жөнүндө маалымат берилген жок.

Малуку провинциясынын борбору Амбондо 2019-жылдын 26-сентябрында болгон 6,8 баллдык жер титирөөдөн 36 адам көз жумган.



Тектеш кабарлар