Айрым өлкөлөрдө жок болбогон коронавирус...

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 248 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 3 миллион 554 миңден ашты.

1409975
Айрым өлкөлөрдө жок болбогон коронавирус...

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 248 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 3 миллион 554 миңден ашты. Ал эми 1 миллион 150 миңден ашуун киши илдеттен айыкты.

Пакистанда жаңы типтеги коронавирустун себебинен акыркы 24 саатты 25 киши каза болушу менен каза болгондордун саны 457ге жетти. Жуктуруп алгандардын саны 1301ге көбөйүп 20 миң 71ге жогорулады.

Ковид-19дун себебеинен 9 киши каза болгон, кечээ жаңы жуктурган учур катталбаса дагы инфекцияга чалдыккан 461 киши болгон Иорданияда, бардык экономикалык тармактардын шаршемби күндөн тарта кайрадан иштей баштоосуна чечим чыгарылды.

Ирактын Керкүк шаарында болсо жаңы типтеги коронавирус пандемиясынын себебинен акыркы эки айда экинчи ирет көчөгө чыгууга тыюу салуу жарыяланды.Көчөгө чыгууга тыюу салуу акыркы бир күндө 35 жуктурган учур катталганы боюнча кайрадан ишке ашырыла баштайт.Көчөгө тыюу салууга баш ийбегендер акчалай жазага тартылат.



Тектеш кабарлар