Чыгыш өлкөлөрү коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 207 миң 200дөн ашты.

1406369
Чыгыш өлкөлөрү коронавирус менен күрөшүүсүн улантууда

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 207 миң 200дөн, вирусту жуктуруп алгандардын саны 3 миллион 7 миңден ашты.  Ал эми 883 миң 306дан ашуун киши айыгып чыкты.

Кытайда ушул убакка дейре Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны 4633кө, жалпы жуктуруп алгандардын саны 82830га жетти. Вирусту жуктурган 77 миң 474 киши болсо айыгып чыкты. Өлкөдө Ковид-19 пандемиясынан кийин «био-террор, биологиялык курал коркутууларына» да бөгөт болуш үчүн биокоопсуздук мыйзам долбоорун карап жаткандыгы маалымдалды.

385 кишиси каза болгон 14 миң 153 кишиси жуктуруп алган Жапонияда Ковид-19 пандемиясына чара көрүүлөрдүн алкагында Орусия, Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) менен кошо дагы 14 өлкөдөн жүргүнчүлөрдүн кирүүсүнө тыюу сала турганын жарыялады.

Түштүк Кореяда 243 киши пандемиянын себебинен каза болсо, жуктуруп алгандардын саны 10 миң 728ге жетти.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) вице-премьери жана тышкы иштер министри Кудрет Өзерсай, Ковид-19дун себебинен жабык турган ишканаларды 4-майдан тарта баскычтуу түрдө ачууну пландагандарын айтты. ТКТРда коронавирус  чара көрүүлөрүн алкагында киргизилген «чектелген көчөгө чыгууга тыюу салуу» болсо уланууда.

Каза болгондор 5 миң 806га, жуктуруп алгандардын саны 91 миң 472ге жеткен Иранда, Ковид-19 боюнча дарыланып жаткан парлмент төрагасы Али Ларижанинин айыгып чыкканы жарыяланды.

Орусияда  Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны 747ге, жуктуруп алгандардын саны 87 миң 147ге жетти. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, өлкөдөгү кызматкерлердин көбүнүн коронавирусту анчалык этибарга албаганын белгилеп, «Ар ким коркунучтун ошончолук чоң экенине дароо ишениши керек»,-деди.

Индияда Ковид-19дун себебинен каза болгондордун саны 884кө,  жуктарып алгандардын саны 27 миң 977ге жетти. Премьер-министр Нарендра Моди, жаңы типтеги коронавирус менен күрөшүүнүн алкагында  ишке ашырылган көчөгө чыгууга тыюу салуунун негизинде миңдеген кишинин өмүрү сакталганын айтты.

Айрым өлкөлөрдөгү каза болгондор жана жуктуруп алгандардын саны мындай; Сауд Арабияда139/17522, Израилде 201/15466, Пакистанда 281/13328,БАЭде76/10349, Катарда10/10287, Беларуста75/11289, Украинада220/9009, Казакстанда25/2791, Кыргызстанда8/695, Грузияда6/499,Арменияда29/1808,Молдова98/3408ге жетти.

Африка материгинде коронавирустан каза тапкандардын саны 1423кө, вирус жуккан киши саны да 31933кө жогорулады. Айыкккандардын саны болсо 9566га жетти.



Тектеш кабарлар