Айрым өлкөлөрдөгү коронавирус көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 203 миң 300дөн ашты.

1405386
Айрым өлкөлөрдөгү коронавирус көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 203 миң 300дөн ашты, вирусту жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 923 миңге чукулдап калды. Ал эми 837 миңден ашуун киши айыгып чыкты.

Жаңы типтеги коронавирустун себебинен Алжирде 419 киши каза таап, 3256 кишиде вирус аныкталды, Египетте көз жумгандардын саны 307,жуктуруп алгандардын саны 9813 болду,  Мароккодо 159 киши каза таап, 3897 кишиде вирус аныкталды, Сауд Арабияда  каза болгондордун саны 136, жуктуруп алгандардын саны 16299га жетти, Бириккен Араб Эмирликтеринде (БАЭ) каза болгондор 71, вирус жуктурганы аныкталган киши саны 9813 болду.

8 киши каза тапкан Бахрейнде 2576 кишиде вирус аныкталды, 7 киши каза болгон Иорданияда болсо 444 киши инфекцияга чалдыккан абалда.

Израиль башкаруучулугу Ковид-19 менен күрөшүүнү себеп көрсөтүп басып алуу астындагы Чыгыш Кудста орун алган дүйкөндөрдүн ооз ачуудан мурда башталып зоорго чейин жабык туруусуна чечим чыгарды. Дүкөндөрүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00ден 3:00гө чейин жаппай койгондорго 5 миң жаңы Израиль шекелиндей жаза берилет. Чыгыш Кудста 144 Ковид-19ду жуктуруп алган учур катталган.



Тектеш кабарлар