Лондон - Сингапур учагы турбулентке түштү

Британиянын борбор шаары Лондондо Сингапурга кеткен Сингапур аба жолдоруна таандык учактын турбуленттикке түшүшү менен  1 жүргүнчү каза болуп, 30дан ашуун жүргүнчү жараланды.

2142505

Daily Mailдин кабарынак араганда Сингапур аба жолдору Лондондон Сингапурга барган  "SQ321" каттамдагы учактын жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:45те Таиланддын борбор шаары Банкоктогу Суварнабхуми эл аралык аэропортуна чукул түрдө конгондугун билдирди.

Билдирүүдө 211 жүргүнчү жана 18 экипаждуу учактын тропикалык бороон болгон аймактагы аба мейкиндигинде катуу турбуленттикке түшкөнү белгиленди.

Учактын турбуленттикке түшүшүнөн улам  1 жүргүнчүнүн каза болгондугу, 30дан ашуун жүргүнчүнүн жаралангандыгы белгиленген билдирүүдө : «Сингаруп аба жолдору маркумдардын үй  - бүлөлөрүнө  көңүл айтты», - деп айтылды.

Тектеш кабарлар