Германия Түркиянын жүгүн жеңилдетүү үчүн аракет кылат
Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас маалымат берди.
Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас, Түркиянын көп сандаган баш калкалоочу менен жалгыз калтырылбашы керектигин айтты.
Хейко Маас, Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен видеоконференция аркылуу өткөргөн жыйындан кийин маалымат берди.
Түркиянын 4 миллиондон ашуун баш калкалоочу менен чоң жүктү көтөргөндүгүн кайталаган Маас, ушул себептен Европа Биримдигинин Түркия менен (2015-жылы) макулдашуу түзгөндүгүн эске салды.
Хейко Маас, Түркия менен Европа Биримдигинин ортосунда ушул макулдашуудагы келишпестиктерди жоюу максатында учурда түрк жетекчилери менен сүйлөшүүлөр өткөрүлүп жаткандыгын белгиледи.
Тараптардын убадаларын орундатууларын камсыздоо керектигине көңүл бурган Маас: «Биз буга даярбыз. Түркиянын өзгөчө Сириядан келген көп сандаган баш калкалоочу менен жалгыз калтырылбай тургандыгын да мойнубузга алабыз»,-деди.
Тектеш кабарлар
![Израилдин кол салууларынан улам 37 миң 431 палестиналык каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/ee48/7e22/90ad/6674097c827d2.jpg?time=1718892793)
Израилдин кол салууларынан улам 37 миң 431 палестиналык каза болду
Израиль армиясынын Газа тилкесиндеги кыргындары 258 күндөн бери уланууда.