Иранда ар 10 мүнөт сайын бир киши коронавирустан каза таап жатат

Жиханпур, атуулдарын Нооруз эс алуусунда жол тартпоо жана эч кимдикине барбоо темасында эскертти.

1380971
Иранда ар 10 мүнөт сайын бир киши коронавирустан каза таап жатат

Ирандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Киянуш Жиханпур, өлкөсүндө ар 10 мүнөт сайын бир кишинин жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) себебинен каза болуп жатканын айтты.

Социалдык медиа Твиттер барагынан бөлүшүүсүндө Жиханпур: «Иранда ар 10 мүнөт сайын бир киши жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) себебинен каза болуп жатат. Бир саатта орто эсеп менен 50 киши коронавируска чалдыгууда»,-деп билдирди.

Жиханпур, атуулдарын Нооруз эс алуусунда жол тартпоо жана эч кимдикине барбоо темасында эскертти.

Бир тараптан борбор шаар Тегерандагы Шухедаи Пакдешт ооруканасынын доктурларынан Ширин Руханирад, коронавирустун себебинен көз жумду.

Иранда Ковид-19 пайда болгондон бери 10 доктур жана 4 медайым каза тапты.

Кытайда пайда болгон Ковид-19 Иранда эң биринчи 19-февралда Кум шаарында аныкталып андан соң өлкөнүн жалпысына жайылган болчу.

Ирандын Саламаттык сактоо министрлиги кечээтен тарта өлкөдө Ковид-19дан каза болгондордун 1135ке жеткенин, жуктуруп алгандардын саны болсо 17 миң 361 болгонун жарыялаган.



Тектеш кабарлар