БУУ : "Орусия жана Асад өкмөтү согуштук кылмыш кылды"

БУУнун Сирия иликтөө комиссиясы Сирияда Башар Асад күчтөрү жана Орусиянын согуштук кылмыш иштегендигин билдирди.

1370373
БУУ : "Орусия жана Асад өкмөтү согуштук кылмыш кылды"

БУУнун Сирия иликтөө комиссиясы Сирияда Башар Асад күчтөрү жана Орусиянын согуштук кылмыш иштегендигин билдирди.

БУУнун Сирия иликтөө комиссиясы бул тууралуу отчетунда Асад режиминин Сирияда саламаттык сактоо мекемелери жана жарандык обьектилерди атып көптөгөн жолу согуштук кылмыш иштегендигин билдирди.

Отчетто Орусия аба күчтөрүнүн да Идлибде жарандык аянттарда туш келди кол салууларды баштап согуштук кылмыш иштегендиги баса белгиленди. Отчетто өзгөчө Сирия демократиялык күчтөрүнүн атын колдонгон ПЙД/ЙПГ/ПКК террордук уюм басып алган аймактарда бардык жарандардын укугун бузгандыгын айтты.

БУУнун эл аралык көз карандысыз Сирия иликтөө комиссиясынын мүчөсү Хенни Мегалли да берген маалыматында : «Түркия Идлибде жарандардын зыян тартпашы үчүн абдан кылдаттык менен мамиле кылууда»,- деди.



Тектеш кабарлар