Кытайда жайылган коронавирустан каза тапкандардын саны 2665ке жетти

Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда өлкөдө акыркы 24 саатта 71 киши коронавирустан каза тапты, Ковид-19 вирусун жуктуруп алган жаңы 508 киши аныкталды.

1365644
Кытайда жайылган коронавирустан каза тапкандардын саны 2665ке жетти

Кытайда жаңы муундагы коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынын себебинен каза тапкандардын саны 2665 кишиге жетти.

Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда өлкөдө акыркы 24 саатта 71 киши коронавирустан каза тапты, Ковид-19 вирусун жуктуруп алган жаңы 508 киши аныкталды.

Каза болгондордун экөө Гонконг атайын башкаруу аймагынан болуп жалпы 2665 киши, вирус жукканы аныкталган бейтап саны болсо 77658ге жетти.

Кытайда эң жогорку даражалуу мыйзам чыгаруу органы Улуттук элдик конгресс менен эң жогорку даражалуу кеңешүү механизми Кытай улуттук саясий кеңешүү конференциясынын алдыдагы айда өтө турган жылдык парламент жыйындарынын Ковид-19 эпидемиясынын себебинен кийинкиге жылдырылганы маалымдалган.

Бул учурда Улуттук элдик конгрессинин туруктуу комитети дагы жапайы айбанат сатуу жана аны союп жегенге толугу менен тыюу салынганын жарыялады.

Хубей провинциясына караштуу Ухань шаарында 12-декабрда пайда болгон Ковид-19 эпидемиясынын кыска мөөнөттүн ичинде башка шаар жана өлкөлөргө жаыйылганы боюнча Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо уюму «Опурталдуу кырдаал» деп жарыялаган.



Тектеш кабарлар