Иранда коронавирустан каза тапкандардын саны көбөйүүдө

Коронавирустан дагы төрт адам көз жумду.

1365917
Иранда коронавирустан каза тапкандардын саны көбөйүүдө

Иранда жаңы типтеги коронавирустун себебинен дагы 4 киши көз жумуп, каза тапкандардын жалпы саны 16га жетти.  

Aftabnews сайтынын кабарына караганда, Ирандын ортоңку аймагында 2 киши Ковид-19дун айынан каза тапты.

Бир тараптан жарым расмий Ирандык студенттер кабар агенттигине караганда, Эльборз университетинин медицина факультетинин деканынын орун басары Сейид Хусейин Инанлу, аймакта коронавирус аныкталган 3 кишиден бирөөнүн көз жумганын билдирди.

Ирандын расмий агенттиги ИРНАга маалымат берген Хамадан медицина факультетинин деканынын орун басары Менучехр Керими болсо: «Хамадан аймагында коронавирусту жуктурган биринчи адам шаршемби күнү аныкталды. Бейтаптардан бирөө каза тапты»,-деди.

Бул учурда саламаттык сактоо министринин орун басары Иреш Херирчи, вирустун өзүндө дагы аныкталгандыгын билдирди.Эл өкүлү Мухаммед Садыки да Твиттер баракчасынан өзүндө коронавирус табылгандыгын кабарлады.

Ушундайча өлкөдө вирусту жуктургандардын саны 97ге жетти.

Ирандын саламаттык сактоо министри Саид Немеки болсо, карантин киргизүүгө аргасыз болбош үчүн коронавирус аныкталган 11 аймактагы элди көчөлөргө чыкпоого чакырды.



Тектеш кабарлар