Иранда коронавирустан каза тапкандардын саны 12ге жетти
Маалыматты Ирандын мамлекеттик телеканалы кабарлады.
1365010
![Иранда коронавирустан каза тапкандардын саны 12ге жетти](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/3b24/fb3f/8fec/5e537d499e30d.jpg?time=1718473506)
Иранда жаңы типтеги коронавирустан каза тапкандардын саны 12ге, вирусту жуктургандардын саны 47ге жетти.
Ирандын мамлекеттик телеканалынын кабарына караганда, саламаттык сактоо министри Саид Немеки, Ковид-19ду жуктургандар боюнча парламентте отчет берди.
Отчетто коронавирустун себебинен каза тапкандардын саны 12ге, вирусту жуктургандардын саны 47ге жеткени белгиленди.