Германияда үч мечитке бомба кабары билдирилди
Германиянын Түндүк Рейн-Вестфалия аймагындагы Эссен, Хаген жана Унна шаарларындагы үч мечитке негизсиз бомба кабары берилди.
![Германияда үч мечитке бомба кабары билдирилди](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/2795/c063/a7e5/5e44f8c9271a5.jpg?time=1719221776)
Германиянын Түндүк Рейн-Вестфалия аймагындагы Эссен, Хаген жана Унна шаарларындагы үч мечитке негизсиз бомба кабары берилди.
Диянет иштеринин түрк ислам биримдигине караштуу мечиттерге электрондук почта жолу аркылуу келген жана «Мечиттериңерди жардырабыз» деген сөздөр орун алган жазуу полицияга билдирилди.
Мечиттерди бошотуп тегеректе коопсуздук чарасын көргөн полиция адис топтор жана жыт сезгич иттер менен бомба издеди.
Эссен полициясынын кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00да твиттерден берген маалыматында иликтөөнүн акырында мечиттерде жарылуучу заттын жок экендиги жана кабарлардын негизсиз экендиги белгиленди.
Тектеш кабарлар
![Израилдин Газага карата абадан кол салууусу](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/0ef0/c0b6/6719/667914d696444.jpg?time=1719221777)
Израилдин Газага карата абадан кол салууусу
Кол салууда Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкери 2 палестиналык каза болду.