Сарраж:«Хафтерге колдоо көрсөткөн тышкы кийлигишүүлөр уланууда»

Улуттук ынтымак өкмөтүнүн премьер-министрлик кеңсесинин жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Файз эс-Сарраж, борбор шаар Триполиде Германиянын Тышкы иштер министрлигинин делегациясы менен жолукту.

1355061
Сарраж:«Хафтерге колдоо көрсөткөн тышкы кийлигишүүлөр уланууда»

Ливиянын Улуттук ынтымак өкмөтүнүн премьер-министри Файз эс-Сараж, өлкөнүн чыгыш жагындагы бейрасмий куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтерге колдоо көрсөткөн тышкы кийлигишүүнүн уланып жатканын жана бул абал Берлин конференциясынын токтомдорун бузуу болгонун айтты.

Улуттук ынтымак өкмөтүнүн премьер-министрлик кеңсесинин жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Файз эс-Сарраж, борбор шаар Триполиде Германиянын Тышкы иштер министрлигинин делегациясы менен жолукту.

Хафтер террористтерине курал өткөрүүнүн уланганын жана бул абал Берлин конференциясынын токтомдорун бузуу болгонун айткан Сарраж: «Хафтерге колдоо көрсөткөн тышкы кийлигишүүлөр уланууда»,-деп айтты.

Хафтердин конференциядан бери жарандык отурукташуу аймактарына кол салуулары менен токтомдорду бузуп жатканын түшүндүргөн Сарраж, Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Ливия кризисине тынчтыкчыл чечүүчү жол табыш үчүн сарптаган иш-аракеттеринин мактоого арзырлык болгонун айтты.

Германиянын делегациясы да Берлин конференциясында чыгарылган токтомдордун ишке ашырылышы жана Ливияда ырааттуулук менен коопсуздуктун камсыздалышы үчүн Улуттук ынтымак өкмөтү менен кызматташкысы келгендерин билдирди.

Ливияда туруктуу ок атпоо жана саясий процесстин башталышы максаты менен 19-январда Германиянын борбор шаары Берлинде өткөн Ливия тууралуу конференциясынын жыйынтык декларациясында, ок атпоо менен катар тараптарга жана колдоочуларына аскердик кыймылдарын токтотуулары жана БУУнун курал эмбаргосуна баш ийүү чакырыгы салынды.

Хафтерге караштуу террористтердин 2019-жылдын апрель айында борбор шаар Триполини колго алыш үчүн кол салууларын баштап, мунай зат байы Түндүк Африка өлкөсү зомбулук баш аламандыгына түртүлгөн эле.



Тектеш кабарлар