Гонконгдо коронавирустан каза тапкан биринчи учур катталды

Коронавирусту жуктурган бейтап бүгүн каза тапты.

1352811
Гонконгдо коронавирустан каза тапкан биринчи учур катталды

Кытайга караштуу Гонконг автономдуу аймагында жаңы типтеги коронавирус эпидемиясынын себебинен каза тапкан биринчи учур катталды.

Өткөн айда жаңы типтеги коронавирус пайда болгон Кытайдын Ухань шаарында бир канча күн калган гонконгдук жаран поезд менен 31-январда Гонконгго барган.

Аты-жөнү айтылбаган 39 жаштагы киши ушул эле күнү коронавирусту жугузгандыгы аныкталып карантинге алынган.

Бейтап бүгүн вирустун айынан каза тапты.  



Тектеш кабарлар